dcsimg

Таз кара ( Quirguiz )

fornecido por wikipedia emerging languages
 src=
Тaз кaрa.

Тaз кaрa (лат. Aegypius monachus, Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Aegypius monachus dis.PNG

Африкада – Марокко менен Египеттин түндүк жагы, Евразияда Пириней, Балкан жарым аралынан тартып чыгышка карай Хангай, Гоби Алтайына, Ганңсуга, Бутанга жана Ассамага чейин. Түндүккө карай Славенияга, Румынияга, Крымга, Чоң Кавказдын жана Балкандын, Копетдагдын, Бадхыздын, Каратоонун түндүк бетине чейин; Чүй-Илий тоолоруна, Жунгардын Алтайга, Тарбагатайга, Алтайга, Саянга, Хангайга жетет. Кыргызстандын бардык территориясына адатта кара жору уялаганга келет.

Жашаган аймактары

Тянңшандын субалңпы жана алңп алкактарында, жапайы ача туяктуулар жашаган жана үй жаныбарлар чогулган жерлерде кездешет.

Саны

 src=
Тaз кaрa.

Кыргызстанда атайын саны эсепке алынган эмес. Бирок, 1992-жылы 17-августтан 16-октябрга чейин изилделген 44 жайыттан 10дон 21ге чейин кара жору катталган. Ал көбүнчөсү бийик тоолордо, мисалы, деңиз деңгээлинен 3200 м бийикте Каракол жайытында кездешкен, ошондой эле ал өтө бийик эмес, мисалы Фергана өрөөнүндө 1250 м бийиктикте Кызылкыя жайытында болгону катталган. Дайыма кара жору гималай жорусу менен кошулуп топту түзөт. Байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында жорулардын жашын аныктоо өтө татаал, бирок бир нече жаштары жана бир балапаны аныкталган . Ысыккөлдүн чыгышынын алңпы шалбаасында кара жору өтө сейрек кездешет (1 км2 0,02 - 0,04 особң). Ошондой эле токойдо ал өтө сейрек кездешет. 2003-жылы 21-июнда Кыргыз тоо кыркаларында 2000 м бийикте Кашкасуу колотунда бир кара жору өлгөн жылкынын үстүндө учуп жүргөнүн көрүшкөн, бирок кишилер анын этин жегенге тоскоол кылышкан.

Чектөөчү факторлор

Жапайы туяктуу жаныбарлардын санынын азайышы. Кызык үчүн гана атып жоготуу.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)

Отуруктуу куш. Ал уясын дарактарга (көбүнчөсүн арчага), анда-санда зоолорго салат. Көбүнчөсүн уясын кургак арчадан салат, анын ичин тоо эчкилердин жана койлордун жүнүнөн төшөйт. Уясын эрте салат, биринчи жумуртканы февралң-мартта тууйт. Уясында адаттагыдай бир эле жумуртка. Балапандарын апрелң-майда басып чыгарат, алар август- сентябрда учканга жарап калат.

Көбөйтүү (колдо багуу)

Кыргызстанда колго багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери

Атайын коргоо иш-аракеттери каралган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Уялоочу жерлерин картага түшүрүп, анан чакан заказниктер болуш үчүн өзгөчө коргоого алынган территория кылып реестрге киргизиш керек. Уялоочу жерлерин сөзсүз түрдө коргоо; байкоо жүргүзүүнүн эсебинен алынган каражаттарды жасалма жол менен тамактандырып экологиялык туризмди өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү жааматтарды кызыктыруу керек. Атайын жем жечү жерлерди куруп, ал жакка өлгөн малдын тарптарын таштап, куштун жашоосуна шарт түзүү. Кара жорунун популяциясынын санын тактоо, уя салуунун биологиясын изилдөө, гималай жорусу менен түр арасындагы карым-катнаштарды изилдөө.

Статусу

V I , Near Threatened, NT . Кыргызстандын фаунасынын бир уруунун бир өкүлү.Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар

licença
cc-by-sa-3.0
direitos autorais
Wikipedia жазуучу жана редактор
original
visite a fonte
site do parceiro
wikipedia emerging languages

Таз кара: Brief Summary ( Quirguiz )

fornecido por wikipedia emerging languages
 src= Тaз кaрa.

Тaз кaрa (лат. Aegypius monachus, Linnaeus, 1758):

licença
cc-by-sa-3.0
direitos autorais
Wikipedia жазуучу жана редактор
original
visite a fonte
site do parceiro
wikipedia emerging languages