dcsimg

Уу коргошун ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Aconitum napellus.

Уу коргошун (лат. Aconitum, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры жоон, түймөк сымал, жалбырагы татаал, манжадай тилик, гүлү сары, көк, кызгылт көк, кээде ак, чачыдай топ гүлгө чогулган. Уу коргошундун Тундүк жарым шарда 300, Кыргызстанда 9 түрү (ак кодол, бурма кара, кара барпы, кулунчак ж. б.) кезигет. Ал — уулуу өсүмдүктердүн эң күчтүүлөрүнөн. Уу зат айрыкча тамырында көп.

Анда онго жакын алкалоид бар, негизгиси — аконитин. Уу коргошун байыртан дары катары белгилүү. Тамырын кайнатып, сүт кошуп, ысык ичишкен. Улаарган ооруларды дарылоодо колдонулган. Акыркы жылдарда Уу когошун жакшы изнлденип, жаңы касиеттери ачылууда. Анын алкалоиддеринен алынган дарылар медицинада жана ветеринарияда кеӊири колдонулушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор