dcsimg

Малгундар ( القيرغستانية )

المقدمة من wikipedia emerging languages
 src=
Cyclops strenuus.

Малгундар (лат. Cyclopoida) – калак бут рактардын түркүмү. Узундугу 1–8 мм. Денеси баш, көкүрөк, курсак бөлүктөн турат. Денесинин алдынкы бөлүгүндө оозу, жалгыз көзү, жуп муруту, мурутчалары жайгашкан. Мурут жана мурутчалары сезгич түтүктөр менен жабдылган. Алар жыт сезүү жана кыймылдоо кызматын аткарат. Бүт денеси аркылуу дем алат. Ургаачысынын курсагынын астында 2 энелик капчыгы болуп, ага жумурткасын тууйт. 250 түрү көбүнчө тузсуз суу түбүндө, суу түбүндөгү өсүмдүк арасында жашайт; бир азы планктондор. Көбү жырткычтар, майда омурткасыздар жана өсүмдүктөр менен азыктанат. Кээ бир деңиз малгундары жарык чыгарат. Айрымдары балык жана омурткасыздарда мителик кылат. Кээ бири мите курттардын аралык ээси. Балыктарга жем.

Колдонулган адабияттар

ترخيص
cc-by-sa-3.0
حقوق النشر
Wikipedia жазуучу жана редактор
النص الأصلي
زيارة المصدر
موقع الشريك
wikipedia emerging languages